Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
03/08 12:50
 

Президент КРӨФтын ишмердүүлүгүн бардык багыт боюнча мындан ары активдештирүүнүн зарылдыгын белгиледи

 Президент КРӨФтын ишмердүүлүгүн бардык багыт боюнча мындан ары активдештирүүнүн зарылдыгын белгиледи

Бишкек, 3-август /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына чакан жана орто бизнести, биринчи кезекте айыл чарба, өнөр жай комплекси жана кайра иштеп чыгуу өнөр жай тармагын каржылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
К.Кулматовдун айтымында, өнүктүрүү фонду ар түрдүү чөйрөдө суммасы 118 млн долларга барабар болгон 340 тан ашык долбоорду каржылоону жактырган.

Президент Алмазбек Атамбаев ата мекендик ишкерлердин узак мөөнөттүү жана арзан насыя ресурстарына түз жетүүсү аркылуу гана экономиканы жандандыруу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жетүүгө боло турганын белгиледи.

Мамлекет башчы өлкөнүн бардык аймактарындагы чакан жана орто бизнес евразиялык экономикалык интеграциянын шартындагы колдоону сезүүсү үчүн өнүктүрүү фондунун бардык багыттар боюнча ишмердүүлүгүн активдештирүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу