Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
03/08 10:28
 

Япониянын ири ишканаларына инфратүзүмдүү долбоорлордун бет ачары уюштурулду

Япониянын ири ишканаларына инфратүзүмдүү долбоорлордун бет ачары уюштурулду

Бишкек, 3-август /Кабар/. 2016-жылдын 2-августунда инвестицияларды тартуу иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ч.Айдарбеков Япониянын ири компаниялары «Nippon Steel», «Shimizu», «Tokyo Rope», «Mitsui» жана «Marubeniнин» жетекчилик курамы менен жолугушуп, аларга перспективдүү инфратүзүмдүү долбоорлордун бет-ачаарын уюштурду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Катышуучулар акыркы жылдарда ишке ашырылган ири долбоорлор, ошондой эле гидроэнергетика, тоо-кендер өнөр-жайын, шаардык жана транспорттук-байланыштык инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын пландары жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алышты.

Элчи Япониянын Жер, инфратүзүм, транспорт жана туризм министрлиги жана Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын күзүнө пландаштырылган Кыргыз Республикасындагы инфратүзүмдүк долбоорлор темасындагы форумга жолугушууда отурган компаниялардын катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу