Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
02/08 15:37
 

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду атамекендик айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдөн азык-түлүк буудай данын сатып алууну баштайт

Бишкек, 2-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан үстүбүздөгү жылдын 10-августунан тарта атамекендик айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдөн азык-түлүк буудай данын сатып алуу иши башталат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан бекитилген квотага жана Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бекиткен баага ылайык, 23 пайыздан кем эмес клейковинаны камтыган үчүнчү класстын талабына жооп берген 2016-жылдын азык-түлүк буудай данын сатып алуу жүргүзүлөт.

Республиканын бардык аймактарында дан даярдоочу такай иштеген пункттар иш алып барат. Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында азык-түлүк буудай данын даярдоо үчүн убактылуу пункттар уюштурулган, кийинчирээк чогултулган дан Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун аймактык ишканаларынын жоопкер жактары аркылуу өз алдынча ташылып кетет.

Бүгүнкү күнгө карата бардык дан кабыл алуу пункттары буудай кабыл алууга даяр.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу