Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
02/08 09:36
 

Финансы министрлигинде «Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар программасы» боюнча 2 келишимге кол коюлду

 Финансы министрлигинде «Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар программасы» боюнча 2 келишимге кол коюлду

Бишкек,2-август /Кабар/. Финансы министрлигинде кечээ, 1-августта Финансы министри Адылбек Касымалиев менен Япониянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамуранын ортосунда 231 млн япон йен ($2,2 млн) өлчөмүндөгү «Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар программаларынын (JDS)» алкагында алмашуу ноталарына кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Мындан тышкары, финансы министри А.Касымалиев менен Япония эл аралык кызматташуу агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн (JICA) башчысы Кадзухико Кикучинин ортосунда аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча процедураларды аныктаган гранттык келишимге кол коюлду.
Кол коюу аземинин жыйынтыгында А.Касымалиев КР Өкмөтүнүн атынан каржылык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө тилектештигин билдирди.

«Кол коюу процедурасы Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда достук мамилени өнүктүргөн жакшы жышаан катары белгиленип калды. Бүгүнкү кол коюу аземи онунчу мааракелик документ болуп саналат. Бул мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин адам ресурстарына, мамлекеттик башкаруу системасынын өнүгүшүнө жана дүйнөлүк алдынкы тажрыйбаны колдонууга мүмкүнчүлүк алууга олуттуу салым кошот», - деп билдирди А.Касымалиев.

Аталган программанын максаты – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кадрларды даярдоо жана Япония менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү тармагында колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Ушул жылы JDS программасы боюнча Кыргызстандан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасынан 15 стипендиат Японияга окууга барышып, ар кайсы адистер боюнча магистр деңгээлин алууга алдынкы япониялык университеттерде окушат.

Программа Япония өкмөтү аркылуу 2006-жылдан баштап ишке ашырылууда жана ал жаш мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге арналган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынан Японияга окууга 146 стипендиат барган, алардын 116сы Кыргызстанга кайтып келишкен. Учурда алар министрликтерде жана ведомстволордо алдынкы кызмат орундарда кызмат кылууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу