Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
29/07 14:34
 

Кыргызстан Казакстандагы дизель майынын кымбатташынан жабыркабайт

 Кыргызстан Казакстандагы дизель майынын кымбатташынан жабыркабайт

Бишкек, 29-июль /Кабар/. Кыргызстан расмий түрдө дизель майын Россиядан гана алып келе алат, ал эми Казсакстандан алып келүүгө болбойт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын директорунун орун басары Улан Кулов билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкөлөрдөгү дизель майына болгон баанын кымбатташы Кыргызстанга пайда гана алып келет. “Учурда ага болгон баа атайын кармалып турат. Дизелге болгон бааны жөнгө салуу алынгандан кийин базар баасында болот, бул өз кезегинде коңшу өлкөлөрдөн аткезчиликти азайтууну шарттайт”,-деди ал.

У.Куловдун айтымында, контрабандачыларга дизель майына болгон баанын учурдагы байкалып жаткан айырмачылыктарынан улам аны ташып келүү пайдалуу болууда.
Мындан мурда, Казакстандагы ЖМКларда Казакстандын энергетика министрлиги дизель майына болгон бааны жөнгө салуудан баш тартуу зарыл деген билдирүүсү тараган эле. Казакстандын вице-министри Асет Марауовдун айтымында, Россия жана Кыргызстандагы баалардын чоң айырмасы ушундай кадамга барууну шарттап жатат.

“Биз Казакстандын чек арага жакын аймактарында керектөөлөрдүн өсүп жатканын көрүп атабыз. Көпчүлүк транзиттик транспорттор Казакстандан май коюуну каалашат. Ошондой эле, оор жүк ташуучу унаалар бир күндө бир нече ирет бактарын дизель майына толтуруп толук легалдуу майды ташышат. Коңшуларга бизден бакты толтуруп кетүүнү пайдасыз кылуу үчүн министрлик дизель майына болгон бааны эркин кылат. Бирок, чектөөлөр коюлат”,-деди вице-министр.

Дизель майына болгон бааны жөнгө салууну алып салгандан кийин райондо 1 литри 115 теңгеден сатылуусу күтүлүүдө. Азыркы учурда дизель майы Казакстандагы май коюучу жайларда литри 99 сомдон сатылууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу