Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
29/07 12:32
 

Экономика министри лотерея чектерин жүргүзүү менен көмүскө экономикага каршы күрөшүүнү сунуштады

Бишкек, 29-июль /Кабар/. «Республикада көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу боюнча бизде бир канча механизм бар”,-деди бүгүн өкмөттүн жыйынында Экономика жана өнөр жай министри Арзыбек Кожошев премьер-министрдин суроолоруна жооп берип жатып.

Анын айтымында, Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 40%ды түзөт.

“Учурда текшерүү-кассалык аппараттарды колдонуу механизми иштөөдө. Бул соода чөйрөсүндө жакшы натыйжаларды берүүсү шарт. Мындан тышкары, лотерея чектерин жүргүзүү боюнча сунуш бар. Башкача айтканда, соода кылган адам бир жыл аралыгында болобу, чектерди чогултуп салык кызматына тапшырат. Бул үчүн ага төмөндөтүүлөр, бонустар жана башка жеңилдиктер каралат. Ушундай жол менен биз элди дүкөндөрдөн чек алууга тартабыз. Бул өз учурунда көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартат”,-деди А.Кожошев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу