Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
29/07 10:42
 

Кыргызстан-Кувейт түз аба каттамын ачуу тууралуу макулдашуу ратификацияланды

Бишкек, 29-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамы жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты – эки мамлекеттин ортосундагы түз аба каттамын ачуу менен Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин ортосунда эки тараптуу саясий, экономикалык, маданий кызматташтыкты өнүктүрүү.

Макулдашууга кол коюунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11-жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдарга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык транспорт түйүнүн түзүү долбоорунун алкагында аба каттамдарынын географиясын кеңейтүү боюнча кызыкчылыктар жатат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу