Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
29/07 09:56
 

Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы товар айландыруу эки өлкөнүн потенциалына жооп бербейт

Бишкек, 29-июль /Кабар/. Экономика жана өнөр жай министри Арзыбек Кожошев менен Кореянын Кыргызстандагы элчиси Джонг Бёнг Ху КРдагы энергетика жана каттоо иштери жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Экономика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызыматы билдиргендей, жолугушууда тараптар товар жүгүртүү деңгээли эки өлкөнүн потенциалына жооп бербей тургандыгын жана соода кызматташтыгын жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.
2015-жылы Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы товар жүгүртүү 54,8 млн АКШ долларын түзгөн, анын ичинде импорт – 54 млн АКШ долларын, экспорт – 0,8 АКШ долларын түзгөн.

Джонг Бёнг Ху КР аймагында Кореянын ишке ашырып жаткан долбоорлорунун абалы жана жакынкы мезгилге белгиленген энергетика жана каттоо иштери жаатында биргелешкен долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу