Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
28/07 14:36
 

6 айда республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 1 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Бишкек, 28-июль /Кабар/. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2016-жылдын 6 айында «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 1 млрд 7,3 млн сом өлчөмүндө трансферттер бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

«Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, теңдештирүүчү грантты каржылоого 772,4 млн сом жумшалды, анын ичинде:
- Ысык-Көл областына – 56,4 млн сом,
- Жалал-Абад областына – 180,2 млн сом,
- Нарын областына – 132,3 млн сом,
- Баткен областына – 80 млн сом,
- Ош областына – 217,8 млн сом,
- Талас областына – 39,6 млн сом,
- Чүй областына – 66,1 млн сом бөлүндү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтомуна ылайык, электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдө 50% өлчөмүндөгү компенсацияга 86,1 млн сом бөлүндү, анын ичинде:
- Ысык-Көл областына -15,5 млн сом,
- Жалал-Абад областына – 4,7 млн сом,
- Нарын областына – 26,9 млн сом,
- Баткен областына – 24,9 млн сом,
- Ош областына – 12,5 млн сом,
- Талас областына – 0,9 млн сом,
- Чүй областына – 0,7 млн сом бөлүндү.

Калкты жылуулук энергиясы менен камсыздоого байланыштуу компенсациялык чыгымдарды жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы №530 токтомуна ылайык, «Ош жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасына 51 млн сом бөлүнүп берилди.
Операторлордун эмгек акысын төлөөгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-мартындагы №80-б буйругуна (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинин чечимине) ылайык, 7,1 млн сом бөлүндү.

2016-жылдагы жергиликтүү бюджеттердеги финансылык айырмачылыктарды жабууга 31,8 млн сом берилди.
- мыкты айыл өкмөтүгө – 6 млн сом,
- Бишкек шаарынын мэриясына – 52,9 млн сом бөлүндү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу