Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
27/07 13:18
 

Британия инвестиция тартуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Улуу Британия инвестиция тартуу жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр. Бул тууралуу “Экономиканын алдыңкы тармактарындагы бизнес көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору” аталышындагы тегерек столдо Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит билдирди.

Анын айтымында, мамлекетте экономиканын өнүгүүсү үчүн өлкөдө бизнести жакшыртуу керек. “Бул тармак республикадагы кырдаалга оң таасир этет. Кыргызстандын Өкмөтү белгилүү бир кадамдарды жасап жатат, мындай аракеттер негизги багыттарда кабыл алынып жатканын көрүп жатабыз жана ачык-айкын болуп саналат. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстан дагы белгилүү бир кыйынчылыктарды баштап кечирүүдө, бул чоң күчтү жана ишти талап кылат”,-деди ал.

Ошондой эле, элчи элдер Кыргызстандын инвестициялык жайлуулугу тууралуу билиши үчүн натыйжалуу структура түзүү маанилүү, ал инвесторлорго мамлекеттин белгилүү милдеттерин алууга жол ачат деп белгиледи.

“Мамлекеттин талаптары ишти жүзөгө ашырууга жана мыйзамдын талаптарын аткарууга милдеттендирүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш. Укуктук башкаруу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өз салымын кошот. Биз КРнын Өкмөтү жана бизнес-коомчулук менен иштешүүгө жана тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз”,-деп кошумчалады Робин Орд-Смит.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу