27.07.2016, 13:07

Жыл башынан бери КР бюджетине 13,5 млрд сом бажы төлөмдөрү түштү

Жыл башынан бери КР бюджетине 13,5 млрд сом бажы төлөмдөрү түштү

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Жыл башынан бери Мамлекеттик бажы кызматы КР бюджетине 13,5 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүшүн камсыздай алды. Ал эми бажы төлөмдөрүнүн түшүшү 12,5 млрд сомго болжолдонгон болчу. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Алтынбек Торутаев билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБнын өлкөлөрүнөн түшкөн бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү 5 млрд 997 млн сомду түзгөн.

“ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү 6 млрд 311 млн сом суммасында белгиленген. Белгиленген болжолдуу сумманын түшпөй калышына Россияга импорт товарлардын көлөмүнүн төмөндөп кетиши себеп болду, ал 17%га түшүп кеткен. Ошондой эле, Казакстанга товарлардын импортунун көлөмү да 15%га түшүп кеткен. Бизге импорт негизинен Кытайдан келет, ал 63%ды, ал эми Түркиядан келген импорт 67%ды түзөт”,-деди ал.

Ошондой эле, ал КР боюнча импорттун көлөмүнүн дикамикасы жалпысынан жакшы экендигин белгиледи.