Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
27/07 12:01
 

МИК кийин сатып ала турган ижаралык турак-жайларды курууга ниеттенүүдө

Бишкек, 27-июль /Кабар/. “Мамлекеттик ипотекалык компания” кийин сатып ала турган ижаралык турак-жайларды курууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК башкармалыгынын Сатуу жана иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Азамат Кожобаев билдирди.

“Биз каржылоонун 3 моделин иштеп чыктык. Ал моделдер “Жеткиликтүү турак-жай курулушу аркылуу программаны ишке ашыруу жана “Кийин сатып ала турган ижаралык турак-жай” ипотекалык кредиттөө моделин ишке кийирүү” программасы аркылуу ишке ашат”,-деди ал.

Ошону менен бирге А.Кожобаевдин маалыматына караганда, учурда “Мамлекеттик ипотекалык компания” эксплуатацияга тапшырыла элек, бирок жайлаштырууга жарактуу болгон жаңы үйлөргө ипотекалык кредиттерди берүү боюнча курулуш компаниялары жана банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу