Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
27/07 11:42
 

Кыргызстандыктар ипотека алууга анчалык шашылбай жатышат, себеби насыя алуудан коркушат

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Кыргызстандыктар ипотека алууга анчалык шашылбай жатышат, себеби кредит алуудан коркушат.Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсы башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев Кыргызстанда «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасы боюнча ипотекалык насыяларды берүү тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

“Мунун бир нече себептери бар. Башкысы кризистен чоочуп калышкан, жарандарыбыз бул насыяны 10-жыл аралыгында төлөй аларына шектенишет. Ошондой эле, биздин коммерциялык банктар ипотекалык насыялоого өтө эле этияттык менен мамиле кылышууда”,-деди Б.Шамкеев.

Анын айтымында, ошого карабастан компания кардарларга ипотекалык насыя алуунун бардык жеңил шарттарын түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.

“Учурда 132 жаранга ипотекалык насыя бердик. Төлөмдөр штаттык режимде ишке ашууда. Кечигүү жок. Жарандарды насыя боюнча тейлөөдө кыйынчылык да жок”,-деп ишендирди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу