Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
26/07 17:06
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго Мамлекеттик салык кызматынын 6 айдагы иши боюнча маалымат берилди

 Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго Мамлекеттик салык кызматынын 6 айдагы иши боюнча маалымат берилди

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмоновду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Замирбек Осмонов үстүбүздөгү жылдын 6 айындагы ведомствонун иш жыйынтыктары, алдыдагы милдеттери тууралуу маалымат берди.
Анын маалыматына ылайык, биринчи жарым жылдык үчүн салык төлөмдөрүн чогултуу боюнча пландын аткарылышы 95 % түздү.

«Июнь айында пландын аткарылышы – 112 %, же 650 млн сомду түздү. Мунун эсебинен биз мурдагы жоготууларды кыскартып, натыйжада, жарым жылдыктын планын 95% аткардык. Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 9 млрд сомго жогорулаган», – деп белгиледи Замирбек Осмонов.

Ошондой эле, анын айтымында, учурда Салык кызматы тарабынан салык төлөмдөрүн жогорулатууга багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер аткарылууда. Жакынкы арада премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, «Сосновка» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунда салык төлөмдөрүн кабыл алуу жана ишкерлер үчүн кеңеш берүүчү салык сервистик борбору ачылат.

“Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта Салык кызматына Социалдык фонддун кирешелерди чогултуу боюнча функциялары өткөрүлүп берилет. Пилоттук негиздеги долбоорго Бишкек шаарынын Октябрь району менен Чүй облусунун Сокулук району киргизилген. Мындан тышкары, «Онлайн көзөмөл–кассалык-машина” долбоорун ишке ашыруу каралган. Аталган долбоор өлкөдөгү бардык ишкерлерди камтып, 4 баскычта ишке ашырылып, 2017-жылдын аягына чейин бүткөрүлүүгө тийиш», – деп белгиледи Замирбек Осмонов.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, экономикалык өсүш салыктык төлөмдөрдүн көлөмүнөн түздөн-түз көз-каранды. Буга байланыштуу Өкмөт башчы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн жүз пайыз аткарууда салыктык төлөмдөрдү чогултууну толук кандуу камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу