Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
25/07 18:02
 

Үстүбүздөгү жылдын I жарымында Жалал-Абад шаарынын экономикалык өнүгүшү жогорулаган

Бишкек, 25-июль /Кабар/. 2016-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өнөр жай тармагынан тышкары реалдык сектордун бардык тармактарында өсүү темпи жогорулаган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясында өткөрүлгөн алты айдын жыйынтыгы боюнча коллегияда белгилүү болду.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаровдун билдиришинче, Өнөр жай ишканалар тарабынан биринчи жарым жылдын жыйынтыгы менен 1,3 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмү 66,7%ды түзгөн. Шаардын элине 1,1млрд сомдук акылуу кызмат көрсөтүлүп, өсүү темпи 107,0%ды түздү, чекене соода жүргүзүү көлөмү 4 млпд 831,1 млн сомду түзүп, өсүү темпи 101,9 %га жетти. “Ал эми айыл чарба тармагында 77,3 млн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 112,5%ды түздү. Ошондой эле, транспорттук мекеме-ишканалар тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 106,5%га, жүк ташуу 122,%га өстү”,- дейт С. Умаров.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу