Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
25/07 15:03
 

Жалал-Абад шаардык бюджетинин киреше бөлүгү 103%га аткарылган

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын 2016-жылдын 6 айынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы такталган планы 183 млн 618,6 миң сом, аткарылганы 189 млн 178,1 миң сом болуп, 103,0%га аткарылып, 5 млн 559,4 миң сомго көп түшкөн. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, мунун ичинен жалпы салыктык жана салыктык эмес кирешелердин такталган планы 103,3%га аткарылды, же болбосо 5 млн 94,4 миң сомго көп түштү. “Атайын төлөм каражаттары боюнча такталган план 30 млн 165,6 миң сом, аткарылганы 30 млн 630,7 миң сомду түзүп, 101,5%га аткарылды. 2016-жылга республикалык бюджеттен каражат түшкөн жок”,-дейт ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу