Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
25/07 14:25
 

6 айда Жалал-Абад шаарына 1,1 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

 6 айда Жалал-Абад шаарына 1,1 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Бишкек, 25-июль /Кабар/. 2016-жылдын I жарым жылында тартылган инвестиция жалпысынан 1 млрд 144,8 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 100,1%ды түзгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров 6 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегияда билдирди.

Анын айтымында, тартылган инвестициялардын ичинен ички инвестиция каражаты 1 млрд 123,9 млн сомду, ал эми тышкы инвестиция 24,1 млн сомду түздү.

Шаар аймагынын түрдүү тармактарына тартылган инвестициялардын эсебинен жалпы шаар аймагында 454 жаран иш менен камсыз болуп, 125 жаңы ишканалар ачылды. Анын ичинен 60 жеке ишкерлер жана 65 юридикалык ишкана ишин жүргүзүдөө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу