Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
22/07 18:00
 

Премьер-министр: “Өкмөт мындан ары дагы экспортко багытталган ишканаларды колдоого алат”

Бишкек, 22-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда, Талас облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Талас шаарындагы картошканы кайра иштетүүчү заводдун абалы менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай жана мелиорация министри Турдиназир Бекбоев маалымдагандай, учурда аталган заводдун чечилбеген маселеси бар, башкача айтканда, менчик формасы такталган эмес. Мындан тышкары, ишкана модернизациялоого жана кошумча оңдоо иштерине муктаж. Бүгүнкү күндө колдо болгон жабдуулар ишке жарактуу, бирок имараттын абалына байланыштуу завод ишке киргизилбей турат.

«Мындай өндүрүштүн ишке киргизилиши жергиликтүү дыйкандар үчүн чоң көмөк болмок, анткени алардын өндүргөн продукциясын сатууга мүмкүндүк түзүлмөк. Ишкананын үзгүлтүксүз иши салыктык түшүүлөрдүн жогорулашына алып келип, калкты иш менен камсыз кылуу маселесин чечүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, картошканы кайра иштетүүчү заводдун ишке киргизилиши аймактагы кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүгө жол ачат. Ишкананы ишке берүү маанилүүлүгүн эске алуу менен жакынкы арада аталган заводду ишке киргизүүгө байланыштуу маселелер боюнча жумушчу кеңешме өтөт», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Талас облусунда 2004-жылдан бери иштеп келе жаткан Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы «Эмилия» сыр заводуна барды.

Завод директору Жандарбек Жолоевдин маалыматына ылайык, 47 жумушчу иштеген ишкана сырдын жана каймак майдын 20 жакын түрүн чыгарат. 2013-жылы зовод толук реконструкцияланган, жаңы имарат салынып, анда заманбап жабдуу менен камсыздалган цехтер ачылган. Ишкана өндүрүшү европалык талапка жооп берет. Бүгүнкү күндө «Эмилия» ЖЧКсы жергиликтүү рынокто өз продукцияларын сатууда, бирок келечекте Казакстан Республикасына жана Россия Федерациясына продукциясын экспортоону пландаштырууда. Учурда сатуу рыногун кеңейтүү үчүн россиялык өнөктөштөр изделүүдө, анткени Россия продукцияны ташып кирүүгө уруксаат берди. Ал маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 5 айында 1,5 млн сом суммасындагы салык төлөнгөн.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Өкмөт мындан ары карай дагы экспортко багытталган ишканаларды колдоого алат жана заводдун продукциясы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жана башка өнөктөш мамлекеттердин рыногунда татыктуу атааандаштык жарата алат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу