Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
22/07 14:16
 

Экономика министри Кытайдан келген ишкерлерге Кыргызстандын келечегин жана артыкчылыктарын айтып берди

Экономика министри Кытайдан келген ишкерлерге Кыргызстандын келечегин жана артыкчылыктарын айтып берди

Чолпон-Ата, 22-июль /Кабар/. Экономика министри Арзыбек Кожошев Кытайдан келген ишкерлерге Кыргызстандын келечеги жана артыкчылыктары тууралуу айтып берди. Ал “Ысык-Көл 2016” 3-экономикалык форумунда Кыргызстан географиялык жактан Кытай, Россия жана Казакстан сыяктуу ири соода өнөктөш чоң өлкөлөрдүн чектешкен жеринде жайгашып, ири стратегиялык мааниге ээ деп билдирди.

“Белгилей кетүүчү жагдай акыркы жылдары биз инвестициялык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн мыйзамды жакшырта алдык. Атап айтканда инвесторлордун кызыкчылыгын ар түрдүү тоскоолдуктардан коргоону камсыздаган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен анын таасирин бекемдедик. 2015-жылы Дүйнөлүк банк өзүнүн отчетунда бизнес жүргүзүүдө Кыргызстан «Doing Business» рейтингинде 9-позицияны камсыздаганын көрсөттү. Кыргызстанда компания ачуу 8 күндү жана 2 гана процедурадан өтүүнү талап кылат. Ал эми фискалдык реформалар эң эле либералдуу салык тутумун түздү”,-деди министр.

Муну менен катар Экономика министри Кыргызтанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору ишке киргизилгенин айтты.

“Азыркы тапта өлкөдө МЖӨнүн 10 долбоору, атап айтканда саламаттыкты сактоо, билим берүү, муниципалдык инфраструктура жана траспорт долбоорлору боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондой эле, кен-байлыктар тууралуу жаңы мыйзам кен-байлыктарды иштетүүгө активдүү катышууга кеңири мүмкүндүктөрдү берет. Аны менен катар Экономика министрлиги менен Инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик агенттиги инвесторлорду түздөн-түз тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк идеясын жайылтуу менен алектенет”,-деп кошумчалады Экономика министри.

Мындан тышкары, А.Кожошев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүнүн алкагында жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу дагы айтып берди.

“Ошол эле учурда Кыргызстан ВСП+ статусун алган. Бул биздин өлкө Европа биримдигине мүчө өлкөлөргө 6 миңден ашык товарды экспорттой алат дегендик. Борбор Азияда мындай мүмкүнчүлүк Кыргызстанга гана бар”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу