Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/07 12:08
 

Кыргызстан ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү жана Жибек жолунун ажырагыс бир бөлүгү болгондуктан, КРнын жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү пункту болуп кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү бар

Чолпон-Ата, 22-июль /Кабар/. Кытайдын ЕАЭБ рыногуна кирүүсү үчүн Кыргызстан географиялык жактан ыңгайлуу, КР бул Биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болуп эсептелет. Бул тууралуу “Ысык-Көл 2016” 3-экономикалык форумунда биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан биринчилерден болуп КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин Жибек жолунун экономикалык алкагын түзүү тууралуу демилгесин колдогон.

“Улуу Жибек жолун жандантуу – бул жөн гана товар айлантуу эмес, бул маданий байланыштарды өркүндөтүү. Маалымат технологияларынын жана техниканын тездик менен өсүүсүнүн заманбап шарттарында Жибек жолу боюнча кызматташууну бекемдөө зарыл. Кыргызстан ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү жана Жибек жолунун ажырагыс бир бөлүгү болгондуктан, КРнын жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү пункту болуп кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү бар”,-деди М.Абулгазиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу