Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
20/07 17:36
 

Бакыт Жумашев: “Үйлөрүн камсыздандырууну каалагандар күндөн-күнгө көбөйүүдө”

Бакыт Жумашев: “Үйлөрүн камсыздандырууну каалагандар күндөн-күнгө көбөйүүдө”

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Бүгүнкү күнгө чейин “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынан 3 миң 187 адам өз үйлөрүн камсыздандырышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган ААКтын директору Бакыт Жумашев билдирди.

Анын айтымында, айыл жергесинде 2 миң 156, ал эми шаарларда 845 үй ээлери өз үйлөрүн камсыздандырышты.

“Камсыздандыруунун маңызын түшүнгөндөр бизге келип үйлөрүн камсыздандырышууда. Бейгилей кетчү жагдай – каалоочулар күндөн-күнгө көбөйүүдө”,-деди ал.

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун” башчысы жакында Балыкчы шаарында болгон катуу шамалды мисал келтирди.
“Катуу шамал 5 үйдүн чатырын алып кеткен. Тилекке каршы ал үйлөр камсыздандырылган эмес. Эгерде үйлөр камсыздандырылса, жобого ылайык 25% өлчөмдө же 250 миң сом төлөп бермекпиз. Башкача айтканда, үй ээси 1 миң 200 сом төлөп, ордуна 250 миң сом жардам алмак”,-деп белгиледи Б. Жумашев.

Эскерте кетсек, быйыл 11-февралдан тартып “Өрттөн жана табигый кырсыктардан турак үйлөрдү милдеттүү камсыздандыруу тууралуу” мыйзам күчүнө кирген. Камсыздандыруу тарифи шаарларда 1 миң 200 сом,айылдарда 600 сом деп белгиленген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу