Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
19/07 17:27
 

6 айда «Электр станциялары» ААК 6,36 млрд кВт/саат электроэнергия иштеп чыкты

Бишкек, 19-июль /Кабар/. 6 ай ичинде «Электр станциялары» ААК 6,36 млрд кВт/саат электроэнергия иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча 1-вице-премьер -министр Мухамметкал Абылгазиевдин жетекчилиги алдында өтүп жаткан жыйында белгилүү болду.

Жыйында 2016-жылдын алгачкы 6 айында электр энергияны өндүрүү планы 6,48 млрд кВт/саатты түзгөндүгү айтылды. Бүгүнкү күндө иштелип чыккан электр энергия өткөн жылга салыштырмалуу 303,5 млн кВт/саат же болбосо 4,6% аз өндүрүлгөн.

Бул ички рыноктогу керектөөчүлөрдүн төмөндөгөндүгү менен байланыштуу. ЖЭС 2016-жылдын 6 айында 975,7 млн кВтс иштеп чыгып, ал былтыркы жылга салыштырмалуу 112,4 млн кВт/саат аз өндүрүлдү.

ГЭСтерде боюнча 5 млрд 383.6 млн. кВт/саат электр иштелип чыкса, бул көрсөткүч 2015-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 191,4 млн кВт/саатка аз.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу