Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
18/07 12:57
 

Таш-Көмүр кени Кара-Кечеден арзан баада көмүр менен камсыз кылууга даяр

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары КСДП фракциясынын депутаттарынан Таш-Көмүр кенинен Бишкекти көмүр менен камсыз кылууга көмөктөшүүнү суранышты. Бул тууралуу КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы билдирди.


Мындай өтүнүчтөрүн ташкөмүрлүктөр КСДП фракциясынын депутаттары менен жолугушууда билдиришти. Жалал-Абад облусунда иш сапар менен жүрүшкөн КСДП фракциясынын депутаттары Иса Өмүркулов, Осмонбек Артыкбаев, Айнуру Алтыбаева, Максатбек Эгембердиев, Кыянбек Сатыбалдиев Таш-Көмүр шаарынын эли менен жолугушту.

Жолугушууда эл бир катар социалдык көйгөйлөрдү көтөрүштү. Алардын ичинде мектептеги орус класстар үчүн окуу китептеринин жетишсиздигин айтышты. Колдо бар окуу куралдары болсо эскиликтери жетип, пайдаланууга жараксыз абалга келген.

Билим берүү министрлигинин өкүлү мектептерди окуу, усулдук китептер менен камсыз кылуу маселеси каржы жагына байланыштуу чечилип жатканын айтты.

«Азыркы күндө кыргыз мектептери окуу куралдары менен 90 %га камсыз болгон, орус мектептери 60 %ды түзөт. Анын үстүнө окуу китептерин ижарага алууга тыюу салынган», - деди ал.

Мындан сырткары, Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары шаардын бейтапканаларындагы коорупциялык көрүнүштөр боюнча маселени козгошту. Алардын айтымдарында, УЗИге көрүнүү баасы 2 миң сомду түзсө, акысыз кызмат көрсөтүүлөргө да акы алынат.

КСДП фракциясынын лидери Иса Омуркулов саламаттыкты сактоо министринин орун басарына кайрылып, аймактардагы медициналык мекемелердеги өзүм билемдик, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу зарылдыгын айтты.

Эл ошондой эле, эл өкүлдөрүнүн көңүлүн жолдордун абалын жакшыртуу маселесине бурду. Жергиликтүүлөр билдиргендей, Таш-Көмүр шаарынын ичиндеги 14 чакырымдык жол талкаланып, жараксыз абалга келип, капиталдык ремонтко муктаж болуп турат.

Иса Өмүркулов жол маселеси өлкө боюнча курч бойдон экенин белгилеп, бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жатканына токтолду. «Азыркы учурда өлкө башчынын демилгеси менен райондук, облустук борборлордогу жана чакан шаарлардагы жолдор ремонттолуп жатат. Анын ичинде Таш-Көмүрдөгү 6 чакырым жол оңдолууда. Баарын бир мезгилде бүтүрүү мүмкүн эмес, бирок акырындап иш жүрүп жатат. Бюджетти бекитүүдө КСДП фракциясынын депутаттары Таш-Көмүр шаарындагы жолдорду оңдоого да каржы бөлдүрүүгө аракет кылат», - деп ишендирди ал.

Ал ошондой эле, Таш-Көмүр шаарынын мэри жөн отурбай, шаардагы суу түтүктөрүн оңдоого, шаардын өнөр-жайлык потенциалын арттырууга каржы булактарын издөөсү керектигин айтты.

Маалымат үчүн айта кетсек, СДПК фракциясынын депутаттарынан турган делегация 15-17-июлда үч күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусунда иш сапар менен жүрөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу