Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/07 18:35
 

Өкмөт башчы Нарын облустук ветеринардык дарт аныктоо борборун ЕАЭБдин стандарттарына дал келтирүүнү тапшырды

Өкмөт башчы Нарын облустук ветеринардык дарт аныктоо борборун ЕАЭБдин стандарттарына дал келтирүүнү тапшырды

Бишкек, 15-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда Нарын облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында облустук ветеринардык дарт аныктоо борборуна барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүм билдирди.

Борбордун директору Ишенбек Алмамбетовдун маалыматына ылайык, борбор азырынча аккредитация процедурасынан өтө элек, учурда бул максатта тийиштүү иштер жүрүүдө.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусунда республика бир катар милдеттенмелерди алган, алардын катарында өлкөдө эл аралык стандарттарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын болуусу кирет. Буга байланыштуу ЕАЭБге интеграциялашуу алкагында тийиштүү инфраструктураны өркүндөтүү боюнча чаралар ишке ашырылышы керек.

Премьер-министр борборду ЕАЭБ стандарттарына дал келтирүү үчүн модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу