Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/07 12:42
 

Экономика министрлиги 2016-жылга экономикалык божомолдорду азайтууну пландоодо

Экономика министрлиги 2016-жылга экономикалык божомолдорду азайтууну пландоодо

Бишкек, 15-июль /Кабар/. КРнын Экономика министрлиги күздө 2016-жылга экономикалык божомолдорду азайтууну демилгелейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, быйыл 1-жарым жылдыкта өлкөнүн фискалдык органдары каражат чогултуу боюнча планды аткарышкан жок.
“Мунун бир канча себептери бар. Биринчиден, сатуудан түшкөн салык алынып салынган. Администрлөө маселеси да себепчи болууда. Мындан тышкары, Россиядан жана Беларуссиядан келчү товарларга пошлина алынбай калгандыгы да терс таасир тийгизүүдө. Бул ата-мекендик өндүрүшчүлөргө сокку болду”,-деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, министр Кыргызстанда мамбюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү процесси узакка созулуп кетээрин белгиледи.

“Өлкөнүн экономикалык өсүшү быйыл 2.7%%ды, ашып кетсе 3%ды түзөөрү тууралуу өзүбүздүн божомолубузду бир нече жолу айтканбыз. Ошондуктан, бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору зарыл. Экономикалык божомолдордун азайышы менен бирге каражат чогултуу жаатында фискалдык органдардын планы кыскарат”,-деди А.Кожошев.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу