Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
15/07 11:44
 

Экономика министрлиги: “2016-жылдын аягына чейин экономикалык өсүш 2,7%га көбөйүүгө тийиш”

Бишкек, 15-июль /Кабар/. 2016-жылдын 1-жырым жылдыгында Кыргызстандын экономикасы 2,3%га кыскарды, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 6,8%ды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, ички дүң продуктунун реалдык өсүүсү “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнү эсепке албаганда 1,2%ды түзгөн. “2015-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 3,7%ды түзгөн. Жалпысынан экономикалык өсүш айыл чарбасында 2,9%, тейлөө чөйрөсүндө 2,1%, курулушта 3,6% көрсөткүчтү камсыз кылды”,- деди Экономика министри.

Ошондой эле, А.Кожошевдин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылда
өнөр жайынын айрым тармактарында өндүрүш деңгээлинин төмөндөшүнөн улам 2016-жылдын башынан тартып экономикалык өсүштүн терс тенденциясы байкалууда. “Атап айтканда, кайра иштетүү өнөр жайы 24,1%га түшүп кеткен. Өндүрүштүн төмөндөшүнө Россиядан келчү заказдардын азайышы себеп болгон”,-деди ал.

Экономика министрлигинин башчысы экономиканын өсүү деңгээлинин төмөндөөсү негизинен “Кумтөрдө” алтын кенин казып алуунун кыскарышына байланыштуу болуп жатканын айтты. “Жылдын аягына чейин 16 тонна алтын казып алуу пландалууда. Мына ошондо кырдаал жакшырат”,-деп кошумчалады А.Кожошев.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу