Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
14/07 13:18
 

Премьер-министр республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу маселеси боюнча кенешме өткөрдү

 Премьер-министр республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу маселеси боюнча кенешме өткөрдү

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооранбай Жээнбеков Өкмөт мүчөлөрүнүн жана республиканын административдик ведомство жетекчилеринин катышуусунда республикалык бюждеттин чыгымдарын оптималдаштыруу маселеси боюнча кенешме өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, бюджеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануу максатында чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча чаралар иштелип чыккан. Натыйжада, үстүбүздөгү жылы 2,7 млрд сом суммасындагы бюджеттик каражаттардын үнөмдөлүшү, тактап айтканда, мамлекеттик сатып алуулар боюнча – 2 млрд сом жана “коммуналдык тейлөөлөр боюнча чыгымдарды жабууга атайы каражаттар” беренеси боюнча 700 млн сом үнөмдөлүшү күтүлүүдө.

«Биз үнөмдөлгөн каражатты токтоосуз чыгымдарды жабууга багыттоо аркылуу натыйжалуу пайдаланууну сунуштап жатабыз. Биринчи кезекте ал каражаттар инфраструктуралык объектилердин курулушуна багытталат», – деп белгиледи премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Кеңешменин жыйынтыгында Өкмөт мүчөлөрү республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштуруу боюнча чечимдерди колдошту.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу