Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/07 13:03
 

Премьер-министр Туризм департаментинин алдына өлкөгө туристтерди тартуу боюнча бир катар милдеттенмелерди койду

Премьер-министр Туризм департаментинин алдына өлкөгө туристтерди тартуу боюнча бир катар милдеттенмелерди койду

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары – Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары, аталган тармактагы абалды жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жана анын келечеги тууралуу маалымат берди.

Ал жакынкы арада расмий түрдө ишке киргизиле турган, алты тилде даярдалган Кыргызстан тууралуу веб-сайттын долбоорун тартуулады. Веб-сайт өлкө тууралуу, эс алуу жайлары, элдин салт-санасы, Кыргызстанга алып келүүчү негизги маршруттар жөнүндө кеңири маалыматты камтыйт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Департаменттин негизги милдети – өлкөгө туристтерди тартуу боюнча ишти жандантуу. Бул максатка жетишүү үчүн туристтик инфраструктураны жакшыртуу, эс алуу жайларына алып баруучу жолду катар туристтер жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл.

«Кыргызстан кооз жана кайталангыс табийгатка ээ экендиги баарыбызга белгилүү, бирок инфраструктураны жакшыртуу маселеси актуалдуу болуп саналат», – деп белгиледи премьер-министр.

Өлкөгө туристтердин агымын жогорулатуунун дагы бир багыты катары Департаменттин тышкы рынокторго чыгуу мүмкүндүгү бар туристтик фирмалар менен өнөктөштүктү жөнгө салуусу болуп саналат. Ошондой эле өлкөнүн туристтик мүмкүндүктөрү тууралуу маалыматтык кампанияны кеңейтип, Кыргыз Республикасын потенциалдуу туристтер үчүн жигердүү жарнамалоо максатында ар кыл маданий иш-чараларды, жарманкелерди, көргөзмөлөрдү өткөрүүгө тийиштүү көңүл бурулушу зарыл.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу