Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
12/07 12:15
 

Кыргызстанда экспорттун көлөмү жыл башынан бери 29,3% ге төмөндөгөн

Кыргызстанда экспорттун көлөмү жыл башынан бери 29,3% ге төмөндөгөн

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери экспорттун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 29,3 % төмөндөгөн. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Люксина Текеева билдирди.

Ал белгилегендей, 2015-жылдын январь жана май айларына салыштырмалуу экспорттун кыскарышы кийим-кече жана ага тиешелүү жабдыктарга 23 эсе, тирүү мал жандыктары 5,2, резина буюмдары 3,4, алтын 2 эсе, пахта 2,5, сүт жана сүт азыктары 1,8 эсе кыскарган.

Ошондой эле, Л.Текеева импорттун көлөмү дагы 2015-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу төмөндөгөнүн билдирди. атап айтканда, кант жана кондитердик азыктар 4,4, жыгач жана жыгач буюмдары 2,8, дары-дармек каражаттары 2,2, минералдык отун 2,3, кара металл 1,8, эт жана эт азыктары 10,9 жана машина жана алардын жабдуулары 10,7 эсе кыскарган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу