Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
11/07 15:35
 

Тамчы-Чолпон-Ата жолунун курулушу белгиленген мөөнөттө аяктайт

Тамчы-Чолпон-Ата жолунун курулушу белгиленген мөөнөттө аяктайт

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Тамчы – Чолпон-Ата жолу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чейин оңдолот. Ошондой эле, ушул эле райондогу ипподромдун курулуш иштери аяктайт. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарбачылыгы департаментинин башкы инженери Жумаш Соодонбаев билдирди.

Ал эми куруучулар Балыкчы-Корумду жолунун калган участкаларына байланыштуу ушул сезондо көп иштерди аткарууга аракет кылышат.

«Буга чейин маалым болгондой, Long Hai кытай компаниясы тендерди утуп алган, ошондой эле жергиликтүү компаниялардан ижарага алынган иш жабдууларды жактырды. Учурда кызматкерлер таңкы саат бештен түн бир оокумга чейин кызуу иштеп жатышат. Жалпы кызматкерлердин саны 580 болсо, анын ичинен 70 адис кытайдан келген”,-дейт башкы инженер.

Ал ошондой эле, бүгүнкү күнгө чейин жолдун курулушуна 680 млн сом бөлүнгөнүн, дагы 1 млрд сом бөлүнөрүн айтты.

Ж.Соодонбаев айрым эксперттердин жол өз убагында бүтпөйт же сапатсыз болуп калышы мүмкүн деген билдирүүлөрүнө байланыштуу бардык иштер планга ылайык жүргүзүлүп жатканын айтты.

«Тендерди утуп алган компания сапаты үчүн жооп берет жана ишти өз убагында бүткөрүүгө милдеттүү. Акча бөлүнгөн күндөн тартып иш активдүү жүрүп жатат”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу