Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/07 13:40
 

Президент банк чөйрөсүндө швейцариялык тажрыйбаны үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи

 Президент банк чөйрөсүндө швейцариялык тажрыйбаны үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11- июлда, Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан жана Швейцария улуттук банктарынын ортосундагы өз ара кызматташуу маселелери, ошондой эле банк жана финансы чөйрөлөрүндө, анын ичинде эл аралык финансы институттарынын алкагында мындан ары өз ара аракеттенүүнүн перспективалары талкууланды.

Мамлекет башчысы швейцариялык тарапка көп жылдардан бери көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, банк чөйрөсүндөгү кыргыз-швейцариялык көп жылдык кызматташтыктын жемиштүүлүгүн белгиледи. Президент бул жааттагы Томас Йордандын жеке ролун баса белгиледи жана финансы, банк чөйрөлөрүндө швейцариялык тажрыйбаны үйрөнүүнүн маанилүү экендигине токтолду.

Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан швейцариялык тарап Кыргызстан менен болгон жылуу жана өз ара ишенүүчүлүк мамилени баалай тургандыгын, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушууда ошондой эле, банк чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлордун жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө жана Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын швейцариялык тобуна кирген өлкөлөрдүн алкагында өз ара аракеттенүүнүн негизги артыкчылыктарына да көңүл бөлүндү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу