Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
11/07 13:34
 

Баткен шаарында суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутуму жакшыртылмакчы

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, "Таза-Суу" муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы ЕРОБдун уюштуруучуларынын атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка тийиштүү Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 1-июнунда кабыл алынды.

Мыйзамдын максаттары – Баткен шаарында суу менен камсыздоону жана каналдаштыруу тутумдарын төмөнкү жолдор менен жакшыртуу:
- капиталдык инвестицияларды финансылоо;
- бул инвестицияларды даярдоо жана жүзөгө ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- корпоративдик өнүктүрүү, кызыкдар тараптарды социалдык колдоо жана катыштыруу Программасын даярдоо жана жүзөгө ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү.

Жогоруда аталган келишимдер суу менен камсыздоону жана каналдаштыруу тутумдарын мындан ары жакшыртуунун артыкчылыктуу маселелерин чечүүнү көздөйт жана суу секторунун өнүгүшүнө оң таасир этет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу