Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
08/07 17:06
 

БУУнун жаңы стандарттары Кыргызстандын кургатылган жер-жемиш өндүрүүчүлөрүнүн эл аралык рынокко чыгуусуна жардам берет

тБишкек, 8-июль /Кабар/. БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы кургатылган жер-жемиштерди өндүрүү жана сатуу жаатында жаңы стандарттарды кабыл алды. Бул тууралуу “БУУнун радиосуна” таянып “АПК-Информ” билдирди.

Маалыматка караганда, кургатылган жер-жемиштерди өндүрүү жана сатуу жаатында жаңы стандарттар Фергана өрөөнүндөгү өндүрүшчүлөрдүн ресурстарын бириктирүүсүнө жана дүйнөлүк рынокко атаандаштыгын бекемдөөсүнө шарт түзөт. Мында биринчи кезекте Кыргызстан, ошондой эле Тажикстан жана Өзбекстан тууралуу сөз жүрүүдө.

Ошондой эле, билдирүүдө жаңы стандарттар кургатылган жер-жемиштерди өндүргөн өлкөлөрдүн, алардын ириси эсептелген Түркиянын 4 жыл аралыгында болгон консультацияларынын натыйжасында жетишилди деп айтылат.

“Борбордук Азия өлкөлөрүндө кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Италиянын, Казакстандын, Кытайдын, АКШнын, Түркиянын, Украинанын жана Франциянын эксперттери көмөктөшөт”,-деп белгиленет билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу