08.07.2016, 15:57

“Айыл чарбасын каржылоо-4” долбоорунун негизинде 2,6 млрд сом бөлүндү

Бишкек, 8-июль /Кабар/. Кыргызстанда “Айыл чарбаны каржылоо-4” долбоорунун негизинде 30-июнь күнү банктар аркылуу 2 млрд 607 млн 300 миң сом өлчөмүндөгү 7559 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу КР каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат: “Айыл чарбасын каржылоо-4” долбоорунун максаты 2016-жылы жазгы талаа иштерин убагында өткөрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү, айыл чарба азык-түлүктөрү менен кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана айыл чарбасын колдоо үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү болуп саналат.