Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
08/07 14:45
 

Төрага Чыныбай Турсунбеков: «Элет жергесинде чакан ишканаларды көбөйтүү биз үчүн өтө маанилүү»

Бишкек, 8-июль /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 8-июлда Ош облусундагы жумушчу иш сапарынын алкагында, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагында жайгашкан жасалга таш такталарын кесүүчү «Кыргыз-Травертин» ишканасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу жүрүшүндө курулушуна 110 млн сом жумшалган бул ишкана 2015-жылы ишке киргизилип, 21 жумушчу орду түзүлгөнү, алар курулуш жасалгаларына колдонулуучу травертин такталарын даярдай турганы белгилүү болду. «Биз азыр суткасына 450 чарчы метр такта даярдайбыз. Жумушчулардын маянасы – 8-15 миң сом. Жылына 15 млн сомдук курулуш материалын өндүрсөк, бюджетке 560 миң сомдон ашуун салык төлөнөт», - деди ишкана жетекчиси Мутали Акаев.

Төрага Чыныбай Турсунбеков чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын өзөгүн түзө турганын, ошондуктан андай ишканаларды арбын ачып, ишкерлерди колдоо керектигин, «Кыргыз-Травертин» сындуу ишканалар жергиликтүү бюджет үчүн да чоң таяныч болорун айтып, алардын ишинде ийгиликтерди каалады. «Элет жергесинде мындай чакан ишканаларды көбөйтүп, колдон келсе, өнүмдөрдүн басымдуу бөлүгүн экспортко чыгаруу аракетин жасоо керек», - дейт ал,

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Баткен жана Ош облустарындагы эки күндүк иш сапарында Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери менен шаардык кеңештин депутаттары коштоп жүрөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу