Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
08/07 13:57
 

Ысык-Көл өрүгүнүн сапаты мыкты болгондуктан экспортко кетет

Ысык-Көл өрүгүнүн сапаты мыкты болгондуктан экспортко кетет

Бишкек, 8-июль /Кабар/. Ысык-Көл өрүгүнүн сапаты мыкты болгондуктан экспортка кетет. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү Жигиталы Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, мониторингдин жыйынтыгында түшүмдүүлүгү, сапаты жагынан Ысык-Көл өрүгү башка өрүктөргө караганда мыкты экени белгиленген.
“Кыргызстан боюнча Баткен облусунда да сапаттуу өрүктөрдү өстүрүшөт. Бирок, түшүмдүүлүгүнө, сапатына карап Ысык-Көл өрүгү экспортко көп кетет”,-деди Ж.Жумалиев.

Ошондой эле, ал республика боюнча жемиш өсүмдүктөрү 50 миң гектар аянтты ээлерин, анын 16 миң гектарына Баткен жана Ысык-Көл өрүктөрү тигилгенин белгиледи.

“Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдында жемиш өсүмдүктөрүнүн анын ичинде өрүктүн аянтын кеңейтүү, эскилерин жаңы көчөттөргө алмаштыруу милдети турат. Учурда иш активдүү жүрүүдө, Европадан, айрыкча Сербиядан көчөттөрдү алып келебиз”,-деди Ж. Жумалиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу