Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
08/07 12:47
 

Таласта айымдардын ишкердүүлүгүн каржылоону жакшыртууга арналган семинар өтүүдө

Бишкек, 8-июль /Кабар/. Бүгүн, 8-июлда Талас шаарында «Гендер талаптарын эске алуу менен айымдар ишкердүүлүгүнүн каржылоосун жакшыртуу» аталышында семинар өтүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Семинарга катышууга КРнын Улуттук банкынын, райондук жана облустук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, КРнын Экономика министрлигинин аймак аралык башкармалыгынын башчылары жана жергиликтүү деңгээлде айымдарды микрокаржылоо маселесине кызыкдар тараптар чакырылды.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жалпы гендер мамилелеринин негизги түшүнүктөрү, чет элдик өлкөлөрдүн мисалында микрокаржылоо

саясатындагы гендердик сезгич саясатты ишке ашыруунун мыкты мисалдары менен таанышып, айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүүдө көмөк боло турган өз иш-аракеттеринин планын иштеп чыгуу үчүн маалымат алышмакчы.

Окуу «Айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү» долбоорунун алкагында өтөт. Аталган долбоор Япониянын жакырчылыкты кыскартуу боюнча фонду тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү аркылуу каржыланып, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан ишке ашырылып келет.

Долбоор 2014-жылдан тартып ишке ашып, ишкер айымдар керектөөлөрүнө жооп берген сапаттуу финансылык кызматтарга жеткилигин түзүп берүү аркылуу айыл жергесиндеги айымдардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган. Бул сыяктуу окуулар Кыргызстандын башка облустарында да пландаштырылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу