Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
07/07 18:41
 

Арзыбек Кожошев: “Өкмөт экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык арекеттерди көрөт”

Бишкек, 7-июль /Кабар/. Өкмөт экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык арекеттерди көрөт. Бул тууралуу бизнес коомчулуктун өкүлдөрү жана Нарын облусунун калкы менен жолугушууда КР экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр үстүбүздөгү жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында күтүлүп жаткан социалдык экономикалык өнүгүүлөрдүн багыты тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү эркин жүргүзүүгө жол ачылды. Биримдикке мүчө болгондон кийин кыргыз-казак чек арасындагы мурдагы бажы төлөмдөрү толугу менен өзгөрдү. Бардык өндүрүлгөн товарларга бирдей баалар жана бирдей талаптар коюлду.

Министр өз сөзүндө 1 млдр доллардык капитал менен Россия-Кыргызстан фонду түзүлгөнүн жана андагы капиталдык каражат ата мекендик чакан жана орто бизнести колдоого жана өнүктүрүүгө жумшаларын билдирди.

Сөзүнүн аягында министр Евразиялык биримдиктин алкагында Кыргызстандагы экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу менен аны өнүктүрүүдө Өкмөт зарыл болгон баардык иш-арекеттерди көрөт деди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу