Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
07/07 13:42
 

Балыкчы-Корумду унаа жолун реконструкциялоого 1 млрд сом бөлүнөт

Балыкчы-Корумду унаа жолун реконструкциялоого 1 млрд сом бөлүнөт

Бишкек, 7-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жакынкы күндөрү «Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду» унаа жолун реконструкциялоо» долбоорун каржылоону пландоодо. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-июнундагы буйругун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренесинин эсебинен 1 млрд сом суммасында кошумча акча каражаттарын тапты жана быйылкы жылдын июль-август айларында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол чарба департаментинин табыштамасына ылайык каржылайт.

Каржылоо Балыкчы – Корумду унаа жолунун 46,5-76,5 чакырым, 81,1-83,640 чакырым аралыктагы жолуна макулдашылган график менен ачылат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу