07.07.2016, 10:56

Ош шаары инфраструктураны өнүктүрүү багытында Кытайдын Гуандун провициясы менен кызматташат

Ош шаары инфраструктураны өнүктүрүү багытында Кытайдын Гуандун провициясы менен кызматташат

Бишкек, 7-июль /Кабар/. Кечээ, 6-июлда Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабиров Кытай Эл Республикасынын Гуандун повинциясынан келген, архитектуралык кооздоо Ассоциациясынын башчысы Лань Фан айым менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө ар тараптуу кызматташуу туурасында сөз болуп, аны менен катар Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү багыты да эки тараптуу сүйлөшүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ш.Сабиров Ош шаары эки өлкөнүн жана эки шаардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берээрин белгилеп, Кытай тараптын шаардын экономикасынын өнүгүшү үчүн маанилүү болгон бирдиктүү долбоорлорго жигердүү катышып жаткандыгын айтты.

“Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын соода-экономикалык, маданий жана достук байланыштары күн санап бекемделип жаткандыгы кубандырат. Гуандун провинциясынан келген бүгүнкү инвесторлор шаарыбыздагы ишкерлер менен бирдиктүү иш алып барып, калаанын гүлдөп өсүшүнө салым кошот деп терең ишенем”,- деди Ш. Сабиров.

Ал эми архитектуралык коздоо ассоциациясынын башчысы Лань Фан айым Кытай туулган жери болсо, Ош шаары анын сүйүктүү жайларынын бири экендигин белгилеп, инвестор тартуу багытын иш алып барып жаткандыгын белгиледи.

“Өткөн жылы Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен жолугуп сүйлөшкөнбүз. Андыктан бул шаарга керамика, курулуш материалдар, пластикалык терезелерди чыгарган ири компаниялардын жетекчилерин алып келдик. Азыркы тапта иштебей калган бир нече өндүрүш ишканаларын карап чыктык. Биз Ош шаары менен кызматташууга даярбыз”, - деди Лань Фан.

Мындан сырткары, жыйындын жүрүшүндө эки тапраптуу кызматташтык, саясий, социалдык жана экономикалык мамилелер тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, белектер тапшырылды.