Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
06/07 18:34
 

Кытай түштүктөгү цемент заводун курууга 10 млн доллар жумшайт

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Кытай түштүктөгү цемент заводун курууга 10 млн доллар берет. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-июль күнү КЭРнын Гуандун профинциясынын губернаторунун орун басары Сюй Жуйшен баштаган делегация Ош облусунда иш сапары менен болуп кайтты. Делегацияны КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов кабыл алып, КЭРнын Гуандун провинциясы менен КРнын Ош облусунун мындан аркы экономикалык кызматташтык багыттагы маселери талкууланды.

Гуандун провинциясынын губернаторунун орун басары баштаган делегация Кыргыз-Кытай бизнес форумуна катышты. Анда экономикалык багыттагы аткарыла турган иштердин жол-жоболору талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кытай тарап түштүктөгү цемент заводун курууга 10 млн доллар өлчөмүндөгү инветиция жумшай тургандыгын билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу