Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
06/07 16:51
 

Тажикстан менен жайкы мезгилде электр энергиясын жеткирүү жана өз ара алмашуу мүмкүндүгү маселеси иштелип чыгат

 Тажикстан менен жайкы мезгилде электр энергиясын жеткирүү жана өз ара алмашуу мүмкүндүгү маселеси иштелип чыгат

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 6-июлда 2016-2017-жылкы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңешмеге “Улуттук энергетика холдинг компаниясы” ААКтын жетекчилери, Экономика министрлигинин жана өлкөнүн энергетикалык ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеде жылытуу мезгилине тийиштүү даярдык көрүү алкагында Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушу боюнча маселе талкууланды.
Вице-премьер-министр Олег Панкратов өлкөнүн Улуттук энергетикалык холдинги «Кыргызстан Улуттук электр станциясы» ААК жана “Электр станциялары” ААК менен биргеликте жайкы мезгилде Кыргыз Республикасына Тажик Республикасынан электр энергиясын жеткирүү мүмкүнчүлүгү боюнча маселени иштеп чыгууну тапшырды.

Токтогул суу сактагычында сууну максималдуу чогултуу максатында 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктардын башталашына карата электр энергиясын өз ара алмашуу мүмкүндүгү каралууда.

Тажикстандан Кыргызстанга жайкы мезгилде берилген электр энергиясынын көлөмү башка мезгилдерде кайтарылат.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, бул Токтогул суу сактагычынан суунун агып чыгуусун кыскартууга жана Тажикстан үчүн Вахш ГЭС каскадындагы бош кеткен суунун агып чыгууларын кыскартууга мүмкүндүк түзөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу