Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
06/07 16:05
 

Жумакадыр Акенеев: “Кыргызстанда өндүрүлгөн товарды дүйнө жүзү интернет жана теле берүү аркылуу көрө алат”

 Жумакадыр Акенеев: “Кыргызстанда өндүрүлгөн товарды дүйнө жүзү интернет жана теле берүү аркылуу көрө алат”

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарды дүйнө жүзү интернет жана теле берүү аркылуу көрө алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Түштүк Корея” экономикалык өнүктүрүү фондунун Президентти Жумакадыр Акенеев билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдан баштап Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү 24 саат бою интернет жана телекөрсөтүү аркылуу дүйнө жүзүнө сатылып жана жарнамалап башталат.Бул айрыкча айыл чарба азыктары, кийим кече жана башка.

“Биз дүйнөдө колдонулган сооданын жаңы түрүн Кыргызстанга киргизип жатабыз. Мисалы, Кыргызстандагы айыл чарбасына тиешелүү азык-түлүктөрүн өндүрүүчү техникалар тартылып, телекөрсөтүү жана интернет булактары аркылуу экологиялык жактан таза экендиги башка өлкөдөгүлөргө көрсөтүлөт. Анда кардарлар азык-түлүктү кандай жол менен жасалгандыгын өздөрү көрүп, сатып алуусуна түрткү берет”,-деди Ж.Акенеев.

Эксперттин айтымында, бул Кыргызстанга экономикалык пайда алып келе турган экспортту өнүктүрүүгө түрткү болот дейт.
Ал ошондой эле соода менен алектенген Борбордук Азия боюнча биринчи орунда турган «GS SHOP» компаниясы соода жүргүзүүдө бул системаны сунуштаган жана бардык кеткен чыгымдарды өзүнө алат. Бул компания дүйнө жүзү боюнча 8 өлкөдө иш алып барууда.

«Бүгүнкү күндө биздин өлкөгө Кореялык ири компания кызыкдар. Ал биздин азык-түлүктү Кытай, Европа жана ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн арасында Интернет жана телекөрсөтүү аркылуу сатууну сунуштап жатат. Алар, Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан товарлар тууралуу атайын көрсөтүү тартып жана айтып берүүгө даяр”, - деди Ж.Акенеев.

Ал Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктөр экологиялык жактан таза жана сапаттуу экендигиси менен кызыктырып жаткандагысын айтты. Ошондой эле, Евро биримдик Кыргызстанга ВСП+ статусун берген, Кытай менен Кыргызстан айыл чарба азык-түлүгү үчүн «жашыл коридор» ачылды, мындан сырткары Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болуп, 180 миллиондук рынок ачылды дейт.

«Биздин продукцияларды бул өлкөлөргө оңой эле экспорттоого мүмкүн. Биздин Кореялык өнөктөштөр Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн азыктарды көрсөтүү кылып тартып берүүгө даяр. Алар бул берүүлөрдү өздөрүнүн өлкөсүнө алар түшүнгөн тилде түз алып беришет”,-деди Ж.Акенеев.

“Жыйынтыгында мындай жол менен биздин товарларды экспорттоодо санын кескин көбөйтүүгө мүмкүн болот. Ошондой эле, мындай кадамдар биз санариптик телеберүүгө өткөндөн кийин гана дүйнө жүзүнө көрсөтууго мумкунчулук берет”,- деп жыйынтыктады өз сөзүн ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу