Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
06/07 15:05
 

Чүй облусунун айыл чарба кооперативи мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтирген

Бишкек, 6-июля /Кабар/. Чүй облусунун айыл чарба кооперативи мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтирген. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун прокуратурасы КРнын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамкызматынын Чүй облустук башкармалыгы менен биргеликте “Н” айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгүн текшерүүдө 2010-2014-жылдары аталган кооператив Мамлекеттик статистикалык отчетко жалган маалымат бергенин аныкташкан.

“Н” кооперативи отчетко 952 гектар кайрак жана 150 гектар суулу жер деп жазып, ар бир гектар суулу жер үчүн жыл сайын 427 сом гана жер салыгын төлөп келген.

Жерди инвентаризациялоодо 741 гектар аянт суулу жер, ал эми 55,8 гектар аянт кайрак жер экендиги такталган. Натыйжада, мамлекетке болжол менен 1 млн сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген. Аталган факт боюнча тергөө жүрүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу