Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
06/07 14:05
 

Кыргызстанда курулуш секторунда энергия керектөөнү азайтуу пландалууда

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Кыргызстанда курулуш секторунда энергия керектөөнү азайтуу пландалууда.

Бул тууралуу бүгүн Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков, экономика министри Арзыбек Кожошев, Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев, “Сег-Гоббен” (Франция) компаниясынын жетекчиси Клод Имовондордун жолугушуусунда айтылды.
Жолугушууда курулуш секторунда энергиялык керектүүнү азайтып, энергияны үнөмдөө тууралуу маселелер талкууланды.

Бул багыттагы негизги кадамдардын бири болуп имараттардын энергиялык керектөөсүн азайтып, анын энергетикалык натыйжалуулугун арттыруу болуп саналат. Азыркы учурда Кыргызстанда энергетикалык орточо керектөөнүн квадрат метри жылына 450-650 кВтты түзсө, ал эми бул көрсөткүч европада 100-150 кВттан ашпайт. Бул курулуш материалдарынын энергетикалык үнөмдүүлүгү натыйжасыз болгондугунан келип чыгууда.

“Сен-Гоббен” компаниясы жогорку сапаттагы энергетикалык үнөмдүүлү бар курулуш материалдарын өндүрүп чыгарып келет. Компаниянын дүйнөдө 66 өкүлчүлүгү иштейт. Аталган компания бул жаатта Кыргызстанга колдоо көрсөтө ала тургандыгын билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу