05.07.2016, 13:45

Ош облусу Кытайдын Гуандун провинциясы менен кызматташат

Ош облусу Кытайдын Гуандун провинциясы менен кызматташат

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Бүгүн Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын губернаторунун орун басары Сюй Жуйшэн жетектеген топ Ош облусуна жумушчу сарапы менен келди. Конокторду КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов кабыл алды. Бул тууралуу Ош облустук маалымат кызматы билдирди.

“Кыргыз-Кытай алакалары 1991-жылдан тарта ар тараптуу өнүгүү жолуна түшүп, соода-экономикалык, маданий гуманитардык багытта алакаларыбыз бекемдеп келе жатат. Тышкы саясый мамиледе КЭР менен болгон байланыштар биз үчүн маанилүү. Бүгүнкү күндө сиздердин Гуандун провинциясы экономикалык өсүүсү жана калк санынын көптүгү жагынан алдыңкы орунда турары бизге маалым. Андыктан биздин Ош облусу сиздер менен соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык багыттарда кызматташууга, бизде өстүрүлгөн экологиялык таза тоо балын, эт азыктарын жана жер-жемиш түрлөрүн экспорттоого кызыктарбыз”,-деди облус жетекчиси.

КЭРнын Гуандун провинциясынын губернаторунун орун басары Сюй Жуйшэн да айтылган сунуштарды кубаттап, бул багытта чогу жумуш алып баруу, кызматташтыкты арттыруу, ишкерлер ортосундагы байланышты күчөтүү жана Ош облусуна инвестиция салуу боюнча максаттары бар экендигин айтып өттү. Эки тараптуу жолугушууга Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында эмгектенген ишкерлер катышты.

Эки облус жетекчилери Гуандун провинциясы менен Ош облусунун мындан аркы кызматташтыгын арттыруу жана бекемдөө келишимдерине кол коюшту.