Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
04/07 16:22
 

Ысык-Көл облусундагы ипподромду курууга жалпысынан 988 млн сом акча каражаты бөлүндү

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бостери айылдык аймагына караштуу Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромду реконструкциялоого жана курууга азыркы учурда 988 млн сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул иш-чарага бардыгы болуп 1 млрд 234 млн сом өлчөмүндөгү акча каражаты каралган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-декабрындагы №594-буйругунун негизинде ипподромду долбоорлоого жана реконструкциялоого керектелүүчү акча каражатын камсызкылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тапшырылган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-февралындагы №42-буйругунун негизинде ипподромду реконструкциялоого жана курууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине бөлүп берүү үчүн 480 млн сом каралган.

Ипподромдун чуркоочу жолун эл аралык стандарттын деңгээлине жеткирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы №131-буйругунун негизинде 248 млн сом каралган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы №273-буйругу менен 506 млн сом өлчөмүндө кошумча каражат каралган, анын 260 млн сому бөлүнүп берилди.

Бүгүнкү күндө каржылана элек акча каражатынын көлөмү 246 млн сомду түзөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу