Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
04/07 15:22
 

Балыкчы-Корумду жолу 1-июлга карата 680 млн сом суммасында каржыланды

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолун куруу 2016-жылдын 1-июлуна карата жалпысынан 680 млн сом суммасында каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Капиталдык салымдар» беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №194 буйругун КР Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин макулдугу менен аткаруу максатында КР транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жол чарба департаментине 500 млн сомду бөлүп берүү үчүн каралган.

Эске сала кетсек, 2015-жылы куру жана оңдоо тизмегине ылайык, Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо иш-чараларына бюджеттин «Капиталдыксалымдар» беренеси боюнча 180 млн сом бөлүнгөн.

Азыркы учурда КР транспорт жана жолдор министрлиги каржыланган 500 млн сомдун алкагында башкы подрядчы уюмга акча каражаттарын бөлүү иштерин жүргүзүүдө. КР Жогорку Кенешинин профилдүү комитетинин Балыкчы-Корумду унаа жолун курууга 1 млрд сом бөлүү маселеси боюнча чечим расмий түрдө түшө элек.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу