Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
02/07 12:38
 

С. Жээнбеков Талас облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө төө буурчакты сатуу боюнча ишти жөнгө салууну тапшырды

 С. Жээнбеков Талас облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө төө буурчакты сатуу боюнча ишти жөнгө салууну тапшырды

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 1-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Талас облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевге төө буурчакты сатуу боюнча ишти жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Талас облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата жергиликтүү дыйкандардан төө буурчак сатып алып жаткан 18 фирма менен келишим түзүлгөн.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев 2015-жыл жыйынтыгы боюнча облустун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын райондогу социалдык-экономикалык абалды өнүктүрүү маселесин чечүү боюнча уюштуруучулук иштери тууралуу маалымат берди.
Алсак, Талас облусунда айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүмүнүн өсүүсү (104,9%), негизги капиталга инвестициялардын (113,5 %), иштеп жаткан чарба субьектилеринин санынын (104 %), капиталдык салымдардын (134,9 %) жана тейлөө көрсөтүү (106,2 %) көлөмүнүн өсүүсүнүн оңдуу динамикасы байкалган.

Буга катар Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, облус боюнча айрым экономикалык көрсөткүчтөр боюнча төмөндөөлөр да байкалууда. “Кемчиликтердин катарына электр энергиясы үчүн дебитордук карыздардын көөбөйүүсүн келтирсек болот, ошол эле учурда бардык башка аймактарда бул көрсөткүч кыскарууда. Бул багытта тийиштүү чараларды кабыл алуу керек» – деп белгиледи Өкмөт башчы.

 

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу