Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
01/07 17:52
 

Өкмөттүн 2017-жылга карата экономикалык саясатынын башкы максаты – экономиканын бардык тармактарында өнүгүү динамикасын камсыздоо

Бишкек, 1-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдиргендей, Өкмөттүн 2017-жылга карата экономикалык саясатынын башкы максаты – макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана экономиканын бардык тамактарында экономикалык өсүүнүн оңдуу динамикасын камсыздоо болуп саналат. Бул тууралуу Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын 2017-жылга жана 2018-2019-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү болжолдорун талкуулоонун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик салык кызматынын алдына республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу милдетин койду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2016-жылдын январь-май айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө ИДП көлөмү 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салышытырмалуу – 4,0%га, өнөр-жай – 24,3%га кыскарса, айыл чарба жана курулуш көлөмү 1,7%га өскөн, көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн өсүүсүнүн жалпы көлөмү – 5,7%, ал эми инфляция деңгээли 1,8% түзгөн.

Өкмөт башчы билдиргендей, өнөр-жай деңгээлинин төмөндөшү баалуу металлдар жана текстилдик, ошондой эле металл эмес минералдык продуктулар өндүрүшүндөгү көлөмдүн кыскарышы менен шартталган.

«Буга байланыштуу өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу менен алектенген бирдиктүү мамлекеттик органдын түзүлүшү учурдагы талаптарга жооп берет», – деп белгиледи премьер-министр.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен экономиканы өнүктүрүүдөгү кошумча туруктуулукту камсыздоо жана тышкы чакырыктарга ыкчам жооп кайтарууга даяр болуу, тийиштүү антикризстик иш-чаралардын алдын алуу зарылдыгына басым жасады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу